akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-12-08, 09:50

    Улуттук банк санарип сом чыгарууну көздөөдө

    Улуттук банк Кыргызтанда санарип сомду жүгүртүүгө чыгарууну көздөөдө. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

    Мыйзам долбооруна ылайык, санарип сом Кыргызстандын санарип түрүндөгү улуттук валютасы болмокчу. Ал кагаз акчадай эле кадимки төлөм каражаты болуп эсептелет.

    Санарип сомду чыгаруу укугу же аны жүгүртүүдөн алууга Улуттук банк гана укуктуу болот. Бул санарип акча атайын аянтчага санарип түрдө чыгарылат.