Жарыяланган
2023-09-01, 03:33Бүгүн, 9-январда Улуттук банктын бир унций салмактагы алтын куймаларын сатуунун баасы 164 миң 380 сомду түздү. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10 күндүн ичинде, 2022-жылдын 30-декабрынан тарта баалуу куймалардын баасы 3 294,5 сомго (38,45 доллар) кымбаттады.
Белгилей кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 166 миң 845,5 сомго сатып алса болот. Ошентип, куймалардын сатуу баасы 30-декабрдан бери 569,5 сомго (6,6 доллар) жогорулады.