Жарыяланган
2024-22-02, 07:03Бишкек шаарында мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Бир топ адамдар «Телеграмм» тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз оюндарды уюштурушкан. Алар ар кандай мамлекеттик мекемелерде (кафе, оюн-зоок борборлору ж.б.) жайларды ижарага алышкан.
“48 адам кармалып, суракка алынды, алардын арасында мыйзамсыз кумар оюндарынын уюштуруучулары жана катышуучулары да бар”, - деп билдирди УКМК.
Эске сала кетсек, кумар оюндарын мыйзамсыз уюштургандагы үчүн 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралган.