Жарыяланган
2023-04-04, 08:30Бүгүн Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы ден соолук жумалыгы” XVII Эл аралык конгресс-көргөзмө форумунун ачылышы болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгү билдирди.
Форум эки эл аралык адистештирилген көргөзмөнү бир платформагаа бириктирет: XVII Эл аралык медицинанын адистештирилген көргөзмөсү “MedExpo Kyrgyzstan 2023” жана “DentalExpo Кыргызстан 2023” VII Эл аралык стоматология адистештирилген көргөзмөсү.
Бул жылы биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 70тен ашык компания катышууда. Ага Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Польша, Орусия, Түркия, Өзбекстан, Түштүк Кореядан катышуучулар келишти.
“Кыргыз Республикасындагы ден соолук жумалыгы” Эл аралык конгресс-көргөзмө форумунун бизнес программасында семинарлар, мастер-класстар, жаңы технологиялардын жана жабдуулардын презентациялары көрсөтүлөт.