Жарыяланган
2022-19-08, 04:17Ысык-Көл облусунун Оттук айылындагы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
275 окуучуга эсептелген мектептин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталган. Жаңы мектептин сметалык баасы 1 миллион доллардан ашык болуп, Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен каржыланган.
Учурда подрядчы бардык курулуш-монтаждоо иштерин аяктады. Жабдуулар сыноодон өтүп, аймак көрктөндүрүлүп, эмерек жана стол жабдыктары орнотулууда.
Мектепти ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү күтүлүүдө.