Жарыяланган
2024-19-03, 04:36Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында Михаил Фрунзе атындагы мектеп курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Тендерди Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялаган. Жаңы мектеп 225 окуучуга ылайыкталат.
Долбоордун сметалык баасы 126,5 млн сомду түзөт. Арыздар 5-апрелге чейин кабыл алынат.