Жарыяланган
2025-28-03, 16:17Мамлекеттик салык кызматы STI-024 жана STI-025 каттоо документтери "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде" жеткиликтүү экенин билдирди.
Бул формалар каттоо маалыматтары жана катталган салыктар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Эми салык төлөөчүлөр аларды алуу үчүн салык органдарына баруунун кажети жок. Жөн гана "Салык төлөөчүнүн кабинетине" кирип, “Кызматтар” бөлүмүнө өтүп, “Жеке маалымат” дегенди тандаса болот.