Жарыяланган
2025-28-04, 13:05"Айыл чарбасын каржылоо-13" долбоору боюнча жыл башынан бери дыйкан-фермерлерге жалпы 2 млрд 145,6 млн сомго 3512 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Насыялар "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу "Өсүмдүк өстүрүү", "Мал чарбачылык", "Сууну үнөмдөөчү технологиялары" жана "Лизинг" багыттары боюнча берилген.
Анын ичинен "Өсүмдүк өстүрүү" багыты боюнча жалпы 321,8 млн сомго 666 насыя берилди:
"Мал чарбачылык" боюнча 1 млрд 713,3 млн сомго 2785 насыя:
"Сууну үнөмдөөчү технологиялары" боюнча 12,7 млн сомго 15 насыя:
"Лизинг" боюнча жалпы 98,5 млн сомго 46 насыя: