Жарыяланган
2024-08-11, 11:56Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун камералары орнотулат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Долбоор боюнча камераларды сатып алуу жана орнотуу үчүн 20 миллион 118 миң сомго тендер жарыяланды.
Буга чейин “Коопсуз шаар” тутуму Ички иштер министрлигине өткөрүп берилген. Система Бишкекте иштеп келет. 16-сентябрдан тарта Ош шаарында да иштей баштаган.