Жарыяланган
2024-11-11, 15:31Жыл башынан бери экономикалык өсүштүн эң жогорку деңгээли байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов Бишкекте өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукция алдын ала маалымат боюнча 1 трлн сомдон ашып, 2023-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 9,6 пайызга өскөн.