Жарыяланган
2025-20-02, 16:39Салык кызматы Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында акциздик маркасы жок 7,5 миңден ашуун тамеки таап, мыйзам бузуулар боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында рейддик салыктык көзөмөл жүргүздү. Текшерүү учурунда кампалардын биринен ири көлөмдөгү мыйзамсыз тамеки продукциясы табылды.
Жалпысынан 7 528 пачка тамеки кармалып, анын наркы 828 миң сомдон ашкан. Продукция акциздик маркасы жок болуп, мыйзамдуу келип чыкканын тастыктаган документтери болгон эмес.
Окуя болгон жерде тиешелүү процессуалдык документтер толтурулуп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Мыйзам бузууга тиешеси бар тараптарга карата мыйзам чегинде чара көрүлүшү мүмкүн.
Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз тамеки жана алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнү улантууда. Ишкерлер салык жана бажы мыйзамдарын сактоого чакырылат.