akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-18-09, 11:14

    Пекинде кыргыз-кытай комиссиясынын 16-жыйыны өттү

    Пекинде соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Жыйынды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын коммерция министринин орун басары Лин Цзи жетектеди. Жыйынга экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев дагы катышты.

    Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, жер казынасын пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

    Жолугушуунун жүрүшүндө өнөктөштүктүн негизги багыттарын камтыган протоколго кол коюлду. Тараптар өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.


    Тектеш материалды окуу