Жарыяланган
2025-07-04, 15:41"Керемет Банк" ААКсынын башкармалыгынын курамында өзгөрүү болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасында айтылат.
Директорлор кеңешинин 1-апрелдеги чечими менен Жеңишбек Муратбеков башкармалыктын курамына кирип, төрага орун басары кызматына дайындалды. Ошондой эле Бурулкан Атамкулова башкы бухгалтер — бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын башчысы кызматына келди.