Жарыяланган
2025-05-01, 09:23Wildberries ири онлайн-ритейлери Чүй облусунда логистикалык борбор курууну көздөп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев “Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде билдирди.
Жумагазиевдин айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн жер тилкеси буга чейин бөлүнгөн. Компаниянын жалпы инвестициясы 15 миллион долларды түзөт.
Логистикалык борборду куруу идеясы 2024-жылдын май айында, тараптар бул тууралуу меморандумга кол койгондо бекемделген. Бул Орусиядагы иш-чаранын алкагында “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборунда ишке ашкан.