Жарыяланган
2025-17-04, 09:28Өзбекстан Кыргызстан менен чек арада эркин соода жана өнөр жай аймактарын ачууну пландоодо. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин президенти Шавкат Мирзиеев 16-апрелде Анжиян облусун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде билдирди.
Анжиян облусу Кыргызстанга жыл сайын 200 млн долларга продукция экспорт кыларын айткан Мирзиеев чек арага жакын Коргонтөбө же Кожабад районунда эркин соода жана өнөр жай аймагын түзүү керектигин айтты.
Ал аткаминерлерге ишкерлер менен кеңешкенден кийин аталган райондордун бирин тандап, долбоордун планын иштеп чыгууну тапшырган. Мирзиеев аталган эркин соода аймагын Өзбекстан менен Афганистандын чек арасында ачылган соода аймактары өңдүү уюштурууга болорун белгилеген.
Эскерте кетсек, былтыр августта Өзбекстан менен Афганистандын чек арасына жакын жерде «Термез» эл аралык соода борбору ачылган. Ал жерде бир катар жеңилдиктер, анын ичинде афганистандыктарга 15 күнгө чейин визасыз жүрүүгө, соодада сум менен бирге доллар, евро, рубль, юанды колдонууга уруксат берилген.
Ноябрда Кыргызстан аталган борбордон павильон сатып алган.