Жарыяланган
2025-16-04, 18:19Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында этти кайра иштете турган заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган ишкана иштеп баштагандан кийин тоок этинен жана мал этинен жасалган продукцияларды чыгарып, алар Кытайга экспорттолот.
Бул долбоордун максаты – Кыргызстандын экспорттук потенциалын көтөрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, ата-мекендик ишкерлерди колдоо, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты дагы бекемдөө.
Адылбек Касымалиев 2025-жылы республика боюнча 128 кайра иштетүүчү өнөр жай ишканасы ишке берилерин айтып, алардын курулушу дайыма көзөмөлдө болорун жана мамлекетке инвестиция салам деген ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
"Эл аралык сапат стандарттарына жана тамак-аш коопсуздугуна жооп берген бул заводдун ишке берилиши жакын арада күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.