Жарыяланган
2024-13-11, 10:12Ушул жылдын тогуз айында Жалал-Абад облусунан 417 тонна жаңгак экспорттолду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, андан 1 млрд 350 млн сомго жакын киреше түшкөн.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 38 миң гектардан ашуун жаңгак токою бар. Анын ичинен эң көбү Базар-Коргон районунда жайгашкан.