akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-15-08, 10:20

    Жарым жылда 35 миңден ашык адам пенсия ала баштады

    Социалдык фонд 2024-жылдын январь-июль айларында 35 миң 248 жаранга пенсия дайындады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

    Июль айында 1205 жаранга пенсия дайындалган, 271 пенсионердин пенсиясы кошумча берилген документтердин негизинде эмгек стажына, эмгек акысына, майыптыгы боюнча изилдөөгө алынган.

    Эске салсак, Социалдык фонд 1-июлдан тарта Кыргызстанда минималдык пенсиянын өлчөмүн 3 миң 500 сомго жогорулатты.