Жарыяланган
2025-20-01, 15:00Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга айып пул тууралуу маалыматты онлайн жөнөтүү сунушталууда.
Укук бузуу кодексине өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Анда ИИМ “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда, укук бузуулар жөнүндөгү токтомдорду жеткирүүдө айрым көйгөйлөргө туш болуп жатканы белгиленген. Эске салсак, учурда тиешелүү маалымат жарандарга почта аркылуу жиберилет.