Опубликовано
12.06.2024, 03:25Кыргызстандын беш аймагындагы бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук талкууга Мамлекеттик кадрлар кызматы чыгарды.
Айылдар Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашат. Жалпысынан 9 калк жашаган түйүндүн аталышы өзгөртүлөт.
Демилге улуттук идеологияны бекемдөө жана айылдарга буга чейинки белгилүү аталыштарды кайтаруу максатын көздөйт.