Опубликовано
14.03.2024, 04:25Кыргызстанда 15-мартты Аталар күнү деп жарыялоо сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште коомдук талкууга чыкты.
Документте – демилге үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталып, балдарды тарбиялоодо аталардын активдүү катышуусун колдой турганы белгиленген.
Бирок Аталар күнү дем алыш болуп эсептелбейт.