akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    25.07.2024, 04:30

    Президент Садыр Жапаров "Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

    Ага ылайык, эми жыл сайын 15-мартта Аталар күнү белгиленет. Ал эми Энелер күнү майдын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.

    Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.

    Мыйзам 26-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


    Читать похожее

    • 24.07.2024, 22:30:23
    • 10.06.2024, 22:20:17
    • 13.03.2024, 22:25:37