Опубликовано
11.06.2024, 04:20Кыргызстанда Аталар күнү белгилениши мүмкүн. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тиешелүү мыйзамды биринчи окууда жактырды.
Аталар күнүн 15-мартта майрамдоо сунушталды. Бирок бул күнү эс алуу жарыяланбайт.
Демилгечилердин пикиринде мындай майрам аталардын коомчулукка салымы, маанилүү ролу, үй-бүлөнүн бекемдиги жана эркектердин жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн зарыл.