Опубликовано
09.08.2024, 04:40Бишкек ЖЭБинде эки блок капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Келе жаткан жылуулук сезонуна даярдыктын алкагында №3 жана 4-блоктор толугу менен калыбына келтирилет. Аталган блоктор 7 жыл мурда ишке кирген.
Капиталдык оңдоодон кийин объектилердин кубаттуулугу 200 мегаваттан 300гө чейин көбөйтүлөт.