Опубликовано
15.08.2024, 11:20Бишкек ЖЭБинин №3 жана №4 энергетикалык блоктору капиталдык оңдоодон өтүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында аткарылууда.
Белгиленгендей, энергетикалык блоктор жети жыл бою тынымсыз иштеген. Ушуга байланыштуу алардын долбоордук кубаттуулугу 200 МВт чейин төмөндөгөн.
Ремонттон кийин блоктордун кубаттуулугу 300 МВт стандарттык чекке чейин көтөрүлүшү керек.