Опубликовано
17.07.2024, 05:31Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Хунань провинциясынын Соода департаментинин директорунун орун басары Гуо Нин баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкө лидерлеринин макулдашуулары жана долбоорлорун ишке ашыруу талкууланды, айыл чарба, энергетика, жаңы технология жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча кызматташуу айтылды.
Hunan Jinxin Environmental Protection Co., Ltd. компаниясынын башкы директору Дай Даогу Бишкектеги катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоочу завод курууга колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Бакыт Төрөбаев бул долбоордун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Хунань провинциясынын инвесторлорун Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө чакырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров март айында Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган эко-технологиялык заводдун курулушун баштоого старт берген.
Завод 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүлмөкчү.