Опубликовано
18.07.2024, 03:27Ош бажысында контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
2024-жылдын 11-июлунда КР жаранынын башкаруусундагы “Mercedes Benz Sprinter 211” үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда жүк салонунан Өзбекстандан алынып келинген 3 миң 240 даана роза гүлү табылган. Товарлардын жөнөтүү бажы документтери болгон эмес.
Иштин бардык жагдайлары такталганга чейин унаа кармалып,"БИ МИ" УСКга убактылуу сактоочу жайга сактоого өткөрүлүп берилди.
Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 156 миң 600 сомду түздү.
Аталган факты боюнча материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.