akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.04.2024, 09:44

    “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери дээрлик 1,5 млн сомдук зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүүнү аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

    Ош аэропортунан 51 жаштагы кыргызстандык жаран А.М.Л. товарларды бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалды. Ал чек арадан зер буюмдар: шакек, чынжыр, сөйкө жана билерикти алып өтүүгө аракет кылган.

    Зер буюмдардын орточо базар баасы 1 млн 482 миң 978 сомду түздү.

    Тийиштүү материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.


    Читать похожее

    • 17.07.2024, 21:27:01
    • 16.05.2024, 01:51:48
    • 30.04.2024, 03:44:40
    • 08.04.2024, 22:23:14