Опубликовано
20.12.2023, 04:05Үч жылдын ичинде Кыргызстандын бюджетине коррупцияга каршы күрөштөн 15,5 млрд сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу же мажбурлап компенсациялоо түрүндөгү акча каражаттары укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине, ошондой эле ыйгарым укуктуу Каржы министрлигинин депозиттик эсебине которулат.
2020-жылдан 2023-жылга чейин алынган каражаттар:
Жалпысынан 2020-2023-жылдар аралыгында 15 млрд 562,65 млн сом суммасында каражат түшкөн.