Опубликовано
25.07.2024, 05:4424-июлга карата Кыргызстандын аймагында 311 сел катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Ал белгилегендей, 2023-жылга салыштырмалуу селдин жүрүшү 501%га өскөн.
“Зыян 1,1 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүчтөр Арсланбаптагы селдерди эске албаганын белгилегим келет. Маалыматтар жаңыланат”, - деди Азамат Мамбетов.