Опубликовано
25.07.2024, 07:40Быйыл сел жалпы пайдалануудагы жолдордун тилкелерине 261 млн сомдон ашык зыян келтирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев билдирди.
Табигый кырсыктан Баткен районунда 1 көпүрө, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2 көпүрө жараксыз абалга келген.
Учурда көпчүлүк көпүрөлөр жана жолдор оңдолуп бүттү.