akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.08.2024, 07:53

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти Байтик айылында голубика мөмөсүнө сорт сыноо жүргүзүүдө. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти.

    Белгиленгендей, өсүмдүктү өстүрүү жөнөкөй. Ал суукка чыдамдуу, эрте жазда катуу суукка туруштук бере алат. Грибок жана башка патогендерге туруктуу.

    “Аны өстүрүү үчүн зарыл болгон бир шарт бар, ал - топурактын жогорку кычкылдуулугу. Бул үчүн атайын чым топурак Белоруссиядан алынып келинет”,- деп айтылат маалыматта.

    Голубика (Көккат) мөмөсү — органикалык кислоталардын, витаминдердин жана минералдык туздардын чыныгы кенчи. Ал эми анын мөмөсүнүн баасы салттуу түрдө жогору. Голубика 3-4 жылдан кийин түшүм бере баштайт, бул учурда 1 гектар жерден 2 тоннага чейин мөмө алууга болот. Алтынчы жылдан баштап орточо түшүм гектарына 4 тоннага, жетинчи жылдан 5 тоннага чейин жогорулайт.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 21:50:11
    • 20.08.2024, 22:46:10
    • 20.08.2024, 03:20:02
    • 19.08.2024, 23:35:09