akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    24.04.2024, 10:22

    Катуу жамгырдан кийин Чүй облусунда Онбир-Жылга, Жаңы-Жол жана Ак-Бешим айылдарында сел жүрүп, Бурана дарыясынын жээктерин суу жеп кетти. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкулчүлүгү билдирди.

    Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Табигый кырсыктын кесепетин жоюу иштери жүрүүдө.

    Эскерте кетсек, өлкөдө жаан-чачындын айынан Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын да бир катар айылдарына сел жүрүп, үйлөрдү суу каптап, селдин кесепетинен 1 адам каза болду.


    Читать похожее

    • 14.08.2024, 00:23:48
    • 12.08.2024, 02:10:26
    • 13.05.2024, 05:00:49
    • 24.04.2024, 04:22:11