Опубликовано
12.08.2024, 08:10Быйыл сегиз айда 47 айыл чарба кооперативи жаңы түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүнө ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда - 9, Жалал-Абад облусунда -7, Ош облусунда - 5, Чүй облусунда - 18, Талас облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 4, Нарын облусунда - 3 айыл чарба кооперативи иштей баштады.
“2024-жылдын август айына карата жалпы республика боюнча 741 айыл чарба кооперативдери айыл чарба өндүрүшүндө 53 миң 127 га жерди иштетип өз ишмердиктерин жүргүзүшүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Департамент айыл чарбасын кооперациялоо боюнча дыйкандарды окутуу, кеңеш берүү жана маалымат жеткирүү максатында 2021-жылдан тартып Түркия Республикасынын “ТИКА” агенттиги менен бирдикте К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин базасында маалыматтык-окуу борбору уюштурулуп, керектүү жабдуулар менен камсыздалып, жыл сайын окуулар өткөрүлүп жатат.