15-16-майда Бишкек шаары жана Чүй облусундагы айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Мунун себеби Малайзиянын премьер-министринин Кыргызстанга иш сапары менен байланыштуу экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ага ылайык:
- "Манас" эл аралык аэропорт жолунан Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;
- Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
- "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.