Опубликовано
18.01.2024, 07:17Кыргызстандагы бардык ири калкты тейлөө борборлору бирдиктүү иш графигине өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Ага ылайык, эми калкты тейлөө борборлору саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштешет.
“Бул калкты тейлөө борборуна иш күнү башталганга чейин (09:00) келүүнү каалаган жарандарга жардам берет”, - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин алар пилоттук долбоорду саат 08:20дан 20:00гө чейин иш графиги түрүндө киргизүүгө аракет кылышкан, бирок кечкисин келгендердин саны аз болгон.