Опубликовано
03.07.2024, 10:35Кыргызстанда сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Тарифтик графиктеги баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша иштелип чыгып, Монополияга каршы кызмат тарап менен макулдашылган.
Таблица сүттү сатып алган ар бир заводго орнотулат жана алып-сатуу ошонун чеги менен жүргүзүлөт.
Эгерде сүттүн майлуулугу 3,4% болсо, завод кабыл ала турган баа 35 сомду түзөт. Анда ортомчулар калктан сүттү 30 сомдон алууга милдеттүү болот. Калган нарк сүттүн майлуулугуна карап плюс-минус болот.