Опубликовано
16.02.2024, 05:00Март айында Кара-Балта шаарында жаңы гемодиализ борбору ачылат. Гемодиализ борборунан билдиришкендей, долбоорго салынган инвестиция 600 миң долларды түздү.
Аталган борбордо бөйрөк терапиясы – гемодиализ кызматы көрсөтүлөт. Келечекте плазмаферез жана гемоперфузияны киргизүү пландалууда.
“Учурда оңдоо иштери аяктады. Майда косметикалык кемчиликтерди жоюу иштери жүрүп жатат, андан кийин жабдууларды жана эмеректерди орнотуу башталат”, - деп айтылат маалыматта.
Бейтаптар үчүн гемодиализ Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттарынын эсебинен акысыз жүргүзүлөт.