akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    08.05.2024, 11:10

    Республикалык психиатрия жана наркология борборунда орундар жетишпей, бейтаптар коридордо дагы жатышат. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору билдирди.

    Аталган жай 655 орунга ылайыкташкан, учурда 15 бейтап ашыкча кабыл алынган.

    “Оорукананын керебеттеринин жана төшөктөрдүн эскилиги жеткен. Бейтаптарга жалаң гана кир самын берилет. Аларга таза аба чыгып, сейилдөөгө тыюу салынган. Бейтаптардын тамактануусуна күнүнө болгону 92 сом бөлүнөт”, - деп айтылат маалыматта.

    Республикалык борбордун психитария бөлүмү 445 орундан турат, анын 40ы — балдар бөлүмү. Наркология бөлүмүндө — 210 орун бар.


    Читать похожее

    • 25.06.2024, 02:52:58
    • 08.05.2024, 05:10:20
    • 19.02.2024, 04:15:40
    • 15.02.2024, 23:00:29