Опубликовано
19.02.2024, 10:15Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны азаюуда.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, соңку бир жумада республика боюнча 6 миң 746 учуру катталды. Андан мурунку аптага салыштырганда ооругандар 6,5%га азайды.
Бейтаптардын дээрлик 66 пайызы 14 жашка чейинки балдар.