Опубликовано
04.04.2022, 05:50Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 5-апрелде транспорт каражаттар үчүн жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалымаптка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин фестивалын майрамдоого байланыштуу жабылат.
Ал эми 6-апрелден тарат чек ара аркылуу товарларды жана жүктөрдү өткөрүүнү гана караган алгоритм боюнча иш жанданат.