Опубликовано
20.05.2024, 08:15Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 миллион доллар насыя алат. Макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Каражат абанын сапатын көзөмөлдөөчү станцияларды курууга, химиялык лабораторияны модернизациялоого, абанын сапатын болжолдоо жана эскертүү ыкмаларына, жеке үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө, Бишкекти жашылдандыруу үчүн ирригация курууга жумшалат.