Опубликовано
28.06.2024, 05:20Кыргызстанда балык жана этти кайра иштетүүчү заводдор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү меморандумга Үрүмчүдө өткөн "Кытай – Евразия ЭКСПО" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында кол коюлду.
Ага ылайык, уй этин, бодо малдын кошумча продуктулары стандарттарга ылайык Кытайга экспорттолот деп күтүлүүдө.