Опубликовано
01.12.2023, 09:16Кыргызстан менен Иордания дипломаттык жана кызматтык визаны жоет. Тиешелүү макулдашууга Кувейттеги элчи Азамат Карагулов менен аталган мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин дипломаттык жана эмигранттар иштери боюнча баш катчысы Мажид Салжи Аль-Катарна кол коюшту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иордан мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Алсак, эки өлкө ортосунда өкмөт аралык сапарларды уюштуруу, билим берүү, кош салыктан бошотуу, туризм жана түз аба каттамдарын уюштуруу боюнча укуктук-келишим базаларын кеңейтүү талкууланды.