Опубликовано
28.05.2024, 10:40Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэни дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Молдогазиев элчиге кыргыз-корей кызматташтыгын чыңдоо боюнча жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, элчинин бул маселелерде, анын ичинде Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду илгерилетүүдөгү жеке эмгегин белгиледи.
Ли Вон Чжэ КРнын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн жардам, биргелешкен иш үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы жигердүү саясий мамиленин уланышына ишенимин билдирди.