Опубликовано
30.07.2024, 03:20Жарым жыл ичинде Кыргызстанда 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова билдирди.
Анын айтымында, эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо жана үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында министрлик алты ай ичинде 296 миң 866дан ашык түтүндү кыдырган.
“Жалпысынан 86 миң 428 мигрант бала туугандарында калган. Алардын дээрлик 85%ынын (72 966) ата-энелери өлкөдөн чыгып кеткен, калгандары ички миграциядагы үй-бүлөнүн балдары болгон. Балдардын баары министрликтин көзөмөлүндө”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 3,5 миңден ашык бала жана үй-бүлө оор турмуштук кырдаалда экени аныкталып, алардын 54,4%ы оор кырдаалдан чыгарылган. 10 бала Орусиядан алынып келинген.
“Алар мамлекеттин камкордугуна алынып, учурда туугандарына өткөрүп берүү иштери жүрүп жатат”, - дейт Жылдыз Полотова.