Опубликовано
20.08.2024, 10:10Россия орус жарандыгы жок, эмгек келишими же патенттин негизинде иштеген төмөнкү квалификациядагы адистерге үй-бүлөсүн өлкөгө алып келүүгө тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы жызды.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Леонид Слуцкий башында турган ЛДПР партиясы Мамлекеттик думанын кароосуна киргизет.
Эгер мигрант чет элдик жогорку квалификациядагы адис болсо, мыйзам ага тиешелүү эмес.
"Бул жакта иштеп жаткан чет элдиктердин жакын туугандары Россияга келип, анклав болуп жашашат, өз тилинде сүйлөшөт, жергиликтүү тургундарга тоготпогондой мамиле жасашат. Мигранттар турган батирлер коммуналдык кызматтар үчүн акча төлөбөй жүрүп, чоң карыз топтоп койгон, ал маселени үй ээлери чечүүгө аргасыз болгон учурлар көп. Бул маселелердин баарын жокко чыгарып, квалификациясы жок чет элдиктерге бул жакта иштеп жаткан маалда үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу керек. Келдиңби, иштедиңби – кайра үйүнө кайт. Башка сөз да болбош керек", — дейт Слуцкий.