Опубликовано
12.07.2024, 11:332024-жылдын июнь айында бардык ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө баалары жана тарифтери мурунку айга салыштырмалуу жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Кыргызстандагы баалардын өсүшү (0,7 %) алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын (1,3 %) бааларынын жогорулашына байланыштуу.
2024-жылдын июнунда 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (3,9 %) Казакстанда жана Орусияда белгиленди, ал Казакстанда азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын (3,5 %), ал эми Казакстан менен Орусияда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (6,0 %) жогорулашы менен шартталган.