akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.07.2024, 04:10

    Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келаткан 1,6 тонна койдун эти аныкталды.

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мыйзамсыз жүктү Ветеринардык кызматтын "Кең-Булуң" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан кармашкан.

    Жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок экендиги белгилүү болду.

    "Инспекторлор тиешелүү артка кайтаруу актысын түзгөн соң жүк "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга артка кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 23:00:14
    • 28.07.2024, 22:10:13
    • 21.07.2024, 21:45:09
    • 12.07.2024, 05:33:00