Опубликовано
31.05.2024, 08:51Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу жана министрликтин баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Codify компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн 100 кесиптик лицейинде окуучулардын сабакка катышуусуна мониторинг жүргүзүү жана жетишкендиктерин эсепке алуу үчүн Codify LMS системасын орнотуу долбоору жана беш жылдык иш планы талкууланды.